Бир күндө коронавирус 71 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 13
Ош — 3
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 9
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу — 23
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44999га жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 80 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 2 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 41 103кө жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.