Дубайда 21 жаштагы кыргызстандык мыкаачылык менен киши өлтүргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу Gulf News билдирет.
Аль-Квуз индустриалдык аймагындагы гаражда иштеген кыргызстандык айыпталуучу курч бычак менен менеджердин тамагын кесип, андан кийин башын балка менен жарып салгандыгы такталды. Уруш жетекчиси аны Кыргызстанга учуп кетүүдөн баш тарткандыгынан улам келип чыккан.
«Жетекчиси «эгерде жумуштан кетсең, кайра кайтып келбе» деген талап коюп, аны жумуштан алып, жумуш ордунан кетүүсүн суранган », — деди полиция кызматкери.
Медициналык экспертиза көрсөткөндөй, өлтүрүлгөн адам башына 6 жолу жана бетине 13 жолу жаракат алган.
Кылмыш жасагандан кийин, соттолуучу өлкөдөн чыгып кетүү үчүн Дубай эл аралык аэропортуна унаа менен барган, бирок учуулар болгон эмес. Экинчи күнү ал киши өлтүрүү жөнүндө аларга билдирбестен, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам берүү өтүнүчү менен консулдукка барган.
Расмий маалыматтар боюнча, Дубай полициясы аны консулдуктун сыртында камакка алган.