РКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды
Ысык-Атада жол кырсыгынан 4 адам жаракат алып, жаш бала каза тапты
17.09.2020 | 09:45
Ысык-Атада 2 жол кырсыгынан 1 бала каза болуп, 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында (Кең-Булун айылы) “Mazda 626” жана “Seat” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1 жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 адам жабыркаган (1986-жылы туулган, 1993- жылы туулган, 1985- жылы туулган – эркек адамдар, 1960- жылы туулган аял киши).
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар