Интернет айдыңында мушташып жаткан эки кыздын видеосу кызуу талкууну жаратууда. Тасмадан мушташкан кыздардын бири «Мекеним Кыргызстан» партиясынын футболкасын кийип алганын көрүүгө болот.
Тасманы тартып жаткандар «Давай Зухра» деп аны коштогонун угууга болот.
ИИМ аталган тасма боюнча үн катып, учурда ал кайсы жерде жана качан тартылганын тактап жатышкандыгын билдиришти.
https://youtu.be/4xMcbI54CTQ