Чоң-Алай районунун Ленин чокусунда жоголгон 45 жаштагы орусиялык альпинист табыла элек. Аны издөөгө «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын тик учак тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына карганда альпинст 27-июлдан бери изделүүдө. Ал акыркы жолу Ленин чокусунан түшүп баратып, 5000 метр бийиктикке келгенде баланышка чыккан.
Учурда ӨКМдин жана “Сай Трэвел” туристик компаниясынын куткаруучулары издөө иштерин жүргузүшүүдө.