Жогорку Кеңеш бүгүн кайрадан кезексиз жыйынга чогулат

Жогорку Кеңеш бүгүн кайрадан кезексиз жыйынга чогулат

Бүгүн саат 16:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына кайрадан кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нуракун Ибраим уулу Facebook баракчасына жазды.


Маалыматка караганда, жыйында президенттин Бишкектин аймагына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыгы каралат.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 12-октябрда Бишкектин аймагына кайрадан өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлык чыгарган. Кайрадан киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү  12-октябрь саат 20.00дөн 19-октябрь саат 07.00гө чейин экендиги белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>