Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырды.
Сунушталган талапкерди колдоо тууралуу көпчүлүк коалициянын чечими Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.
Белгилей кестек, 10-октябрдагы парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитилген. Бирок айрым депутатар анда кворум болбой калгандыгын айтышып, коомчулукта талаш маселе жаралган.
13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомунун легитимдүүлүгү шек жаратып жатканы айтып, токтомду артка кайтарган.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт” фракцияларынан куралган.