Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга даяр экенин айтты
19.10.2020 | 15:40
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.
Учурдагы мыйзамга ылайык, өлкө башчынын милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт.
«Учурда Жогорку Кеңеш парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөрдү даярдап жатат. Эгерде мыйзамдагы ушул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында шайлоого катышууга уруксат берилсе, мен барам», – деди ал «Россия 24» телеканалына берген маегинде.
Бирок Жапаров бул маселе боюнча чечим кабыл алына электигин, ошол себептен айтуу эрте боло турганын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат