Кримтөбөл Камчы Көлбаев «кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
22-октябрда Көлбаевдин жүргөн жери аныкталып, ал Бишкектеги спорттук клубдардын биринен колго түшүп, УКМКнын тергөө башкармалыгына жеткирилген.
Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында Көлбаевдин жана ага байланышкан адамдардын кылмыш чөйрөсүнөн кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылат.