Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн адам Бишкек шаарынан кармалды

Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн адам Бишкек шаарынан кармалды

Ош шаарында өз аялын сабап өлтүрүүгө шектелген адам Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Тергөөнүн алгачкы жүрүшүндө маалым болгондой, 32 жаштагы кылмышка шектүү жаран 22-октябрда саат 13.00 чамаларында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде аялына жана кайын энесине кол салган.

Шектүүнүн 29 жаштагы аялы окуя болгон жерде каза болуп, кайын энеси оор абалда ооруканага жеткирилген. Күбөлөрдүн айтуусунда, маркум кош бойлуу болуп, көз жаруу алдында болгон.

Шектүүнүн тергөөдө берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, анын мындай оор кылмышка баруусуна кызганыч себеп болгон.

Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, окуяны ар тараптуу иликтөө иштери башталган. Шектүү тергөө абагына киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>