Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев жана мурдагы Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев изделүүдө. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунда эл менен жолугуп жатып билдирди.
«5-октябрдагы окуяда элге каршы күч органдары ар кандай каражаттарды колдонгон. Бүгүнкү күндө УКМКнын жана ИИМдин мурдагы башчылары изделүүдө. Ошол учурда күч кызматкерлерине кимдер буйрук берген? Милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткенине күнөөлүүлөр жазага тартылат», — деди Жапаров.