Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа ала салып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 16-ноябрда саат01:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 300-чакырымында, Токтогул районунун Торкент айылында болгон. Анда “Хонда Степ” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып ала салып кеткен.
Жол кырсыгынын натыйжасында 3 адам жабыркаган. ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркагандарды ооруканага “Тез жардам” алып кеткен.