Байден америкалыктардын айлыгын көбөйтүүгө буйрук берет

Байден америкалыктардын айлыгын көбөйтүүгө буйрук берет

АКШнын жаңы шайланган президенти эсептелген талапкер Жо Байден кызматка киришкенден кийин өлкөнүн минималдык айлыгын эки эсе көбөйтүүгө буйрук берет. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн Твиттер баракчасына жазганын Lenta.ru басылмасы жазды.

Анын айтымында, саатына 7,25 доллардан 15 долларга чейин көтөрүү каралууда жана коронавируска байланыштуу кризистин экономикалык калыбына келтирүү менен бирге болот. Ошондой эле демократ күчтүү жамааттык келишимдерди убада кылды.

Байден, бул чаралар америкалыктарга үй-бүлөсүн камсыз кылууга, аларды байытууга жардам берерин белгиледи.

Эң төмөн айлык акыны көбөйтүү Байдендин шайлоо программасынын пункттарынын бири болгон. АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп дебат учурунда аны сындап, көптөгөн ишканалар жабылып, жумушчуларды кыскартууга мажбур болоорун, бул жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келерин белгиледи. Бирок, ал ошондой эле, минималдуу эмгек акы да жогору болушу керектигин белгиледи.

Тэги: АКШ Байден

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>