Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында Жаңы жылдан кийин реалдуу режимде окуу жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева “Твиттердеги” баракчасына жазды.
Вице-премьер учурда окуу режими аралыктан өтүп жаткан мектептер качан ачылары тууралуу айткан эмес.
“Шаардагы бала бакчалар боюнча суроолор бар. Улгайган жана өнөкөт оорусу бар адамдар ооруканаларга агылып кирбейби деген маселе түйшөлтүүдө”, – деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда мектептер менен ЖОЖдор COVID-19 илдетинен улам 2020-жылдын март айында карантинге жабылып, аралыктан окуу режимине өтүшкөн.