Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жана Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кыргыз-пакистан бизнес форумунда англис тилинде сөз сүйлөштү.
Иш-чара Бишкек шаарында болуп өттү. Форумдун чет элдик катышуучулары жакшы түшүнүшү үчүн чиновниктер өз сөздөрүн кыргыз тилинде баштап, англис тилине өтүштү.