Биринчи Май райондук соту 11-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таировго карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Ал 2021-жылдын 2-февралына чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсуна камакка алынды.
Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Экономикалык Кылмыштар боюнча Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин экс-төрагасынан өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын мыйзамсыз алган фактыны аныктады, деп билдирген.
Сотко чейинки процесстин алкагында, 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында, Финполдун экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, мамлекеттик органдын жетекчилеринин бирин ага ири суммадагы акча которууга мажбурлаганы аныкталды.
2020-жылдын 10-декабрында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Таиров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Таировдон, анын ичинде ишкердик объекттеринен акча каражаттарынын келип түшкөндүгүнүн ушул сыяктуу фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.