Кыргызстандык 9 жаштагы кыз көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду — видео

Кыргызстандык 9 жаштагы кыз көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду — видео

Кыргызстандык тогуз жаштагы фигурист Элес Намазалиева мектеп окуучуларынын арасында көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду. Бул маалыматты анын атасы Капар Намазалиев тастыктаганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Австриянын чемпионаты 10-12-декабрь күндөрү Линц шаарында өткөн. Элес өлкөнүн 22 шаарынын атынан чыккан бардык атаандаштарын жеңген.

Кыргызстандык кыз чемпионаттын калган катышуучуларынан 2-5 жашка кичүү.

Элес Австрияда ата-энеси менен узак убакыттан бери жашап келет. Ал көркөм муз тебүүнү 2015-жылы баштаган жана курама команданын мүчөсү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>