Нурбек Изабеков: Айсулуу Тыныбекова дүйнө кубогунда таза жеңишке жетти — видео

Нурбек Изабеков: Айсулуу Тыныбекова дүйнө кубогунда таза жеңишке жетти — видео

Күрөш боюнча 62 кг чейинки салмак категориясында Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетип, алтын медалдын жана дүйнө кубогунун ээси болгон.

Спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков Тыныбекованын жеңиши тууралуу пикирин билдирди.

«Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогунда жалпы төрт беттеш өткөрүп, барын тең таза жеңиш менен аяктады. Бул чемпионатка Түркиянын улуттук командасы менен ошол мамлекетте машыгуу өткөрүп келгенбиз. Польшада дагы эл аралык машыгууларды өткөргөнбүз. Мындан тышкары кыргызстанда төрт ирет машыгуу өткөрдүк. Жалпысынан машугуулар жогорку деңгээлде өттү деп айта алам», — деди Изабеков.

Машыктыруучу калган Кыргызстандын атынан барган спортчуларга ийгиликтерди каалады.

Тыныбекова финалда латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, биринчи мезгилде эле аны 14: 0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда уткан.

Балбан кыз бардык кыргызстандыктардын куттуктоосуна ыраазычылыгын билдирген кайрылуусун «Инстаграмына» жарыялаган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. 12-декабрда башталган мелдеш 18-декабрда жыйынтыкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>