Нарында 4 күн мурун сууга аккан адам дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Талаа районуна караштуу Жеңиш айылында 27-декабрь күнү 14:00дөр чамасында 27 жаштагы жигит Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.
Аны төрт күндөн бери ӨКМнын куткаруучулары жана ондогон жергиликтүү тургундар издешүүдө.