Кыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөтЖылуу күндөрдү узатабыз: Бишкектин борборунда кайсы жайкы аянтчаларда отурса болотШКУ банкы Кыргызстан үчүн каржылык тобокелдиктерди азайтат — саясат таануучуБазар-Коргондо таштанды полигонунун экологиялык паспортунун мөөнөтүн узартпаганы үчүн айыл өкмөтүнө айып салындыЖалал-Абаддын Кербен шаарын айланып өтүүчү жаңы унаа жолу салынуудаКыргыз улуттук драма театрынын 100 жылдыгына карата атайын мастер-класстар өтөт
Ошто “никаб” кийип жүргөндөргө эскертүүлөр берилди
08.04.2025 | 16:31
Ош облусунун аймагында дин жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук жайларда “никаб” кийип жүргөн жарандарга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.
Милиция жарандар тарабынан медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүрүүгө тыюу салынганын билдирди. Бул талапты аткарбагандарга 20 миң сом айып пул салынары эскертилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом