Ысык-Көлдө тургун коңшу аялды бычак менен коркутуп таң атканча зордуктаган

Ысык-Көлдө тургун коңшу аялды бычак менен коркутуп таң атканча зордуктаган

Ак-Суу райондук соту аялды зордуктоого айыпталган адамга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя  2020-жылы 31-августта саат 04:00дөр чамасында болгон. Анда Д.К. аттуу киши коңшу жашаган аялдын үйүнө бычагы менен илгичин ачып кирип, бычак менен коркутуп, эки жолу зордуктап, аялды жанына жаткырып уктап калган.

Кордукка кабылган аял, мас абалындагы коңшусу уктап калганда качып чыгып, анын ата-энесинин үйүнө барган.  Бирок үйдөн эч ким чыкпай койгондуктан башка кошунасына барып, мас адамды үйүнөн алып чыгып берүүсүн өтүнгөн.

Коңшусу келип, мас адамды ойготуп, үйдөн алып чыккан.

Сот отурумунда жабырлануучу буга чейин айыпталуучу менен эч кандай мамиледе болбогонун айтып, ага мыйзамда каралган жаза белгилөөнү суранган. 

Соттук-медициналык экспертиза да зордуктоо болгонун тастыктаган.

Сот тийиштүү материалдарды, көрсөтмөлөрдү карап чыгып, айыпталуучуну Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо), 190-беренеси (турак жайга кол тийбестикти бузуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты. Ага катар эле Жазык кодексинин 79-беренесинин (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде акыркы өкүмү боюнча дайындалган жазага Ак-Суу райондук сотунун 2020-жылдын 28-апрелиндеги өкүмү боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн жарым-жартылай кошуу менен жалпы 9 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>