Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөтӨзгөн районунда жаңы базардын курулушу башталды17-майга карата аба ырайыСадыр Жапаров ТМУ саммитинде: Жасалма интеллект, санариптештирүү жана Көчмөндөр оюндарыБишкекте Ч. Айтматов проспектиси менен Л. Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрө оңдолотӨкмөт өлкөгө кайтып келген мигранттарды колдоо программасын бекитти
“Кыргызиндустрия” ишканасында 19 млндон ашык каржылык бузуу аныкталды
17.04.2025 | 16:37
“Кыргызиндустрия” ишканасынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы ишинде каржылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, каржылык бузуулар жалпы 19 млн 42 миң сомду түзгөн. Анын ичинде:
- Эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 1 млн 391,2 миң сом;
- Нак акча каражаты жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгышы – 911 миң сом;
- Отчёт берилбеген подотчёттук суммалар – 708,7 миң сом;
- Соцфондго кошумча чегерилген кирешелер – 692,9 миң сом;
- Салык мыйзамдарын бузуулар – 291,4 миң сом;
- Продукцияны өздүк наркынан төмөн сатуу – 977,7 миң сом;
- Аткарылган капиталдык оңдоо иштердин көлөмүн жогорулатуу – 7 млн 371,7 миң сом;
- Кирешени азайтуу – 3 млн 985,6 миң сом;
- Бухгалтердик эсептин отчёттуулугунун бузулушу – 2 млн 711,8 миң сом.
Мындан тышкары, аудит коом тарабынан жүргүзүлгөн сатып алууларда, мүлктү ижарага берүүдө жана уставдык капитал менен иштөөгө байланыштуу бир катар процедуралык бузууларды да аныктаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар