Бүгүн, 28-январда мөөнөтсүз президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи өтөт.
Жапаровдун бийликке келүүсүнө ат көтөргүс салым кошкон саясатчылардын бири Камчыбек Ташиев бул күн тууралуу “Фейсбук баракчасына жазды.
“Туптуура 4 ай 14 күн алдын борбордук аянтта таңга маал «Садырды Президент кылабыз» деп жарыялаган экенмин. Мен сөзүмө,убадама турдум! Рахмат Элиме,рахмат силерге!”, — деп билдирүү калтырган Ташиев.