АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынан каза болгондордун саны 120дан ашты
16.06.2025 | 09:12
Ирандык Etemad басылмасынын маалыматына караганда, 14-июнга карата Израилдин Ирандын аймагындагы аба соккуларынан каза болгондордун саны 120дан ашты. Түшкө чейин кеминде 128 адам өлүп, 900гө жакыны жарадар болгону, анын ичинде карапайым тургундар да бар экени кабарланган. Бул маалыматтарды Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Рейтер агенттиги Перс булуңундагы булактарга таянып, Ирандын кеминде 14 ядролук окумуштуусу Тегерандагы Израилдин армиясынын чабуулунан курман болгондордун арасында болгонун билдирди. Алардын айрымдары, агенттиктин маалыматына караганда, унааларга орнотулган жардыргыч заттардан каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар