Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды.
Мындай чечимди борбордун Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Экс-өкмөт башчы 26-мартка чейин камакта болот.
Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.