Лейлекте автоунаалардын аккумуляторун уурдап жүргөн адам кармалды

Лейлекте автоунаалардын аккумуляторун уурдап жүргөн адам кармалды

Лейлекте түн ичинде автоунаалардын аккумуляторун уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айынын орто чендеринде Лейлек районунун тургундары арыз менен кайрылышкан. Алар турак үйлөрүнүн ичинен үйгө керектелүүчү буюмдар, короосуна токтотуп койгон автоунааларынын аккумуляторлору, автоколонкалары уурдалып кеткендигин билдиришкен.

Жалпысынан 5 арыз түшүп, Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен катталып текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө Тайлан айылынын 29 жаштагы А.К.аттуу тургуну кармалып, уурдалган боюмдар өз ээлерине кайтарылып берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>