Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Аталган чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Өкмөт башчынын башка чечими менен Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.