Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Кыргызстандын Ирандагы жарандары эвакуациялады
16.06.2025 | 13:03
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандагы мекендештерди эвакуациялоо боюнча комплекстүү операция уюштурду. ТИМдин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргызстандын Ирандагы жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен тыгыз кызматташтыкта өткөрүлдү.
Натыйжада Кыргызстандын 28 жараны Иран менен Азербайжандын мамлекеттик чек арасын ийгиликтүү кесип өтүштү. Кыймыл «Астара» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу жүргүзүлүп, чек арадан коопсуз өтүү үчүн бардык тартылган кызматтардын зарыл координациясы камсыздалган.
Рубрики: Жаңылыктар