Таласта жаш келин баласы менен сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгочө кырдаалдар (ӨКМ) министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Талас районунда Арал айылында болгон. Анда көлмөгө 3 жашар бала чөгүп кеткен, аны сактап калууга аракет кылган апасы да сууга түшүп ал да чөгүп кеткен.
Окуя болгон жерге ӨКМнын 4 куткаруучусу тартылган. Алар барганга чейин баланын жансыз денесин атасы суудан алып чыккан. Куткаруучулар келиндин жансыз денесин суудан алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.