Кыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдү
Өкмөт башчы Өзбекстанга иш сапары менен барды
10.06.2025 | 11:45
Бүгүн, 10-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында өкмөт башчы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат. Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары Адылбек Касымалиев бир катар объектилерди көрүп чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат