Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Осмоналиев Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ал Садыр Жапаровдун тарапташы жана аны колдогон митингдерди уюштуруучулардын бири болгон.