Самат Насирдинов Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кечээ, 19-февралда кол койгон Жарлыкка ылайык, Насирдинов Самат Насирдинович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
Буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Акылбек Султанбеков президенттин буйругу менен кызматтан бошотулган.