Ошто жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында болгон. Анда «Вольво» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жардан кулап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1961-жылы туулган Т.А. (эркек киши), 1974-жылы туулган С.Н. (аял киши) жана 2019-жылы туулган наристе А.Э. каза болду.
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.