Жалал облусунун Сузак районунда жол кырсыгынан 1 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,жол кырсыгы кечээ, 23-февралда Сузак районунун Таш-Булак айылында болгон. Анда “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган киши каза болуп, 1967-жылы туулган аял жаракат алган.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барганча чейин жабыркаган аялды “Тез жардам” кызматы алып кеткен. Алар маркумдун денесин унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.