ИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айланды
Жоокерлердин кургак учук жугузуп алганы иликтенип баштады
19.03.2021 | 11:47
Аскерлердин кургак учук жугузуп алышы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12 жоокер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганы айтылган.