Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагына алуу чечим чыгарды.
Депутатты үй камагына алуу боюнча өтүнүчтү сотко Башкы прокуратура киргизген.
Буга чейин көзөмөл органы депутат 7-вагуст күнү Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндөгү башаламандыкта “Алфанын” жоокерлерин барымтага алууга жана кылмышка катышууга шектелип жатканын билдирген.