30-31-август күндөрү төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.
Айтыштын тандоо туру 20-августта КТРКнын концерттик залында болуп өткөн. Ал эми финал Улуттук филармониянын чоң залында жалпы 16 төкмө акындын катышуусунда өтөт
Аталган айтышына кош байге коюлат.Жалпы байге фонду 2 млн сомду түзөт.
Айтыш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
сүрөт sputnik.kg