«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Жайкы туристтик мезгилде 12 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт
31.05.2025 | 16:28
Кечээ, 30-майда Чолпон-Ата шаарында өткөн гарнизондук жыйын учурунда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, милиция туристтик сезонго толук даяр. Ысык-Көл жээгинде, эс алуу жайларында жана маанилүү объектилерде 12 миңден ашык кызматкер, анын ичинде 5 миң милиционер жана миңден ашык элдик кошуундун мүчөлөрү кызмат өтөшөт.
Жаңы түзүлгөн туристтик-экологиялык батальондун кызматкерлери көп тил билген, туристтер менен иштөөгө жана өзгөчө кырдаалдарга даяр. Коопсуздукту дрондор, катерлер, квадроциклдер жана атайын техникалар камсыздайт.
Рубрики: Жаңылыктар