Президент авиабилеттердин баасы боюнча маселени жеке көзөмөлүнө алды

Президент авиабилеттердин баасы боюнча маселени жеке көзөмөлүнө алды

Орусияга учкан аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президент өзү социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.

Билдирүүсүндө бул маселе Казакстан менен Орусиядан көз каранды экенине токтолгон.

“Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Орусиядан көз каранды.
Казакстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди.
Эми Орусия тараптын жообун күтөбүз”, — дейт Жапаров.

Мындан сырткары, каттамдарды көбөйтүүгө кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген маалыматтар жалгандыгын, бул сыяктуу маалыматтарга элдерди ишенбөөгө чакырган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>