Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Бишкек-Балыкчы багытында жүргөн поезддин каттамы көбөйөт
17.06.2025 | 11:40
19-июндан тарта Бишкек-Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди бейшемби, ал эми 23-июндан баштап дүйшөмбү күндөрү да каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, эми поезд 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.
Ал эми 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт. Бул багытта жалпы 15 вагон каттамга чыга баштайт.
Ишкана мындай чечим жайкы сезон учурунда жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын жана өскөн суроо-талапты эске алуу менен кабыл алынганын билдирди.
Эске салсак, буга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом