Кара-Суу районунда 8-класстын окуучусун мугалими сабады. Бул тууралуу жабыркаган баланын жакындары билдирди.
Анын айтымында, учурда мектеп окуучусу ооруканада оор абалда жатат.
“Кара-Суу районун Кара-Дөбө айылындагы Тешебаев атындагы №9 мектептин Азамат Бакиров деген мугалими 8-класстын окуучусун сабап салган”, — дейт жакындары.