Кыргызстан дин башкармалыгынын өкүлү Бахтияр Токтогазы уулу Рамазан айында мусулмандарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлсө болобу? деген суроого бүгүн, 26-апрелде өткөн маалымат жыйында жооп берди.
Анын айтымында, Муфтиятка ушул темада көптөгөн суроолор түшөт.
«Коронавируска каршы вакцина алсаңыз болот. Коркпоңуз, анткени ар бир жарандын ден-соолугу маанилүү, бул сиздин Орозого таасир этпейт», — деди ал.