«А.З.А.» К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө Досоновдун акча уурдаганы тууралуу маалыматты билдирүүнү каалагандыктан, Досонов өзүнүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө көрсөтмө берген.
Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду төрт жылда 100 млн долларлык 37 долбоорду жактырды17 миңден ашуун кыргызстандык гепатиттен акысыз дарыланууда — Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери өзгөртүлдүБалдарды унаада калтырбаңыз — Бишкектин медиктеринин эскертүүсүОксана Львова: КРСУнун диплому бүгүнкү күнгө чейин ишимде жардам берип келетСадыр Жапаров мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусун жана символикасын бекитти
“Женго” буюртма берген. 10 жыл мурунку киши өлтүрүү фактысынын бети ачылды
01.04.2025 | 15:35
УКМК 10 жыл мурун Кадыр Досоновдун буюртмасы менен аткарылган киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылганын кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында 45 жаштагы А.З.А. аттуу жарандын өлтүрүлүшү боюнча УКМК ушул жылы кылмыш ишин козгогон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө, бул өлтүрүү «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун буюртмасы менен болгону, ал эми өлтүрүлгөн жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экендиги, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда болгондугу аныкталган.
Тергөөдө К.Досонов менен А.З.А. кастык мамиледе болгондугу белгилүү болгон. Буга «общак» деп аталган кылмыштуу биримдиктин жалпы каражатынан К.Досоновдун акча өздөштүрүп алганын маркум А.З.А.нын билгендиги себеп болгон.
Мындан улам 2015-жылдын 7-августунда соттолгон Жалал-абад облусунун 39 жаштагы тургундары А.Р.Ш. менен Ю.Б.Н. жана Ош облусунун 39 жаштагы тургуну Д.А.Д. А.З.А.га күч колдонуп, анын тамырына чоң көлөмдө «героин» баңгизатын сайышкан. Натыйжада ал ошол жерде каза болгон.
Атайын кызмат бул кылмышка пенитенциардык тутумдун кызматкерлеринин да катыштыгы бар-жогу текшерилип жаткандыгын билдирди. Анткени 2015-жылдан бери А.З.А.нын өлтүрүлүшү жашырылып, расмий түрдө өлүмгө баңгизаттарды ашыкча колдонуу себеп болгон деп көрсөтүлүп келген.
Учурда тергөө иши уланууда.