Өзгөндө өз кызын зордуктаганга шектелген киши бошотулду

Өзгөндө өз кызын зордуктаганга шектелген киши бошотулду

Өзгөндө 17 жаштагы өз кызын зордуктаганга шектелген киши тил каттын негизинде үйүнө коё берилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда кошумча экспертиза дайындалган, биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек. Анын жыйынтыгын Оштон чыгып келүүсү керек.

Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилери, соттук-медициналык экизпертизанын алгачкы текшерүүүсү боюнча кыздык белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгону айтылган.

Белгилей кетсек, Өзгөн районунда 17-жаштагы кызды алсыз абалынан пайдаланып, өзүнүн үйүндө атасы зордуктап койгону айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>