Акыркы суткада 345 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 224, Ош – 5, Чүй облусу – 77, Ош облусу – 9, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 9, Ысык-Көл облусу – 18, Жалал-Абад облусу – 0, Баткен облусу – 1.
Өлкө аймагында бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда жалпы 94 миң 944 адамга коронавирус жуккан, анын 88 миң 923ү сакайган.
Соңку суткада COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары: Бишкек – 6. Республика боюнча жалпы 1 миң 598 адам коронавирустун курмандыгы болду.