“Дөө Чынгыздын” атынан ишкерден 20 миң доллар алган адам кармалды

11.05.2021 | 17:16

Опузалап пара алып жаткан учурда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-майда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Дөө Чынгыз” каймана аттуу Ч.Жумагуловдун атынан аракеттенген УКТ мүчөсү И.Р.М. жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды.

Шектүү 98-берененин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Учурда алардын шериктерин жана иштин башка фигуранттарын кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылат.

 

Scroll to Top