«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттүАвтоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптадыБишкекте бөйрөк көчүрүүдө биринчи жолу иммунологиялык тест колдонулдуЖакшылыктын миссиясы: катарлык дарыгерлер кыргыз балдарга дүйнөнү угууга жардам берүүдөСадыр Жапаров милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыАт-Башы эт комбинаты айына 60 тонна эт продукциясын чыгарат
Өзгөндө жол кырсыгынан 2 адам каза болду
17.05.2021 | 13:31
Ош облусунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жазы дарыясына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болгон (1965-ж.т. Т.Б. жана 1965-ж.т. М.А.).
Жерине 3 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургандар тарабынан маркумдардын жансыз денелери унаа чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Куткаруучулар унааны суудан чыгарып беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар