Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
20-май: Коронавирус 361 адамдан аныкталып, 4 киши каза болду
20.05.2021 | 10:24
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 361 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 5420 кишиден ПЧР тест алынган.
Илдет аныктылгандар:
Бишкек шаарында – 193;
Ош шаарында – 5;
Чүй облусунда – 96;
Ош облусунда – 13;
Талас облусунда – 6;
Нарын облусунда – 13;
Ысык-Көл облусунда – 28;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Баткен облусунда – 3.
Ошондой эле инфекция 17 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 320 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 2, Чүй облусунда 2 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 101 миң 580 адамдан аныкталды. Анын ичинен 94 миң 803 бейтап айыгып, 1 миң 729 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар