Жалал-Абад: Береке базарынан өрт чыкты

17.09.2021 | 17:29

Жалал-Абад шаарындагы Береке базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу 17-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган базардын ичинде аянты 72 кв.м. болгон тунуке менен жабылган азык-түлүк сатуучу дүкөн контейнер толугу менен күйдү.

“Өрттүн себеби электр зымдарынан кыска туташуусунан чыкты. Ал эми өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган. Өрт саат 12:37 курчоого алынып, саат 13:08 толук өчүрүлдү”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top