Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
“Жашыруун кызматкермин” деп акча алган киши кармалды
22.09.2021 | 10:09
Чолпон-Ата шаарындагы дарыканаларга өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып, күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5000 сом акча талап кылып алып кеткен 34 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул боюнча Ысык-Көл милициясынан кабар беришти.
Маалыматка караганда, жергиликтүү милиция 20-сентябрь күнү маалымат келээр замат издей баштаган. Учурда Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө уланууда.
Жабырлануучулар болсо 102, 03943 4-39-80, 0709 331 515 номерлери аркылуу байланышсаңар болот.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом